Эркин Алымбеков: “Өкмөт отставкага кетсе гана “Кумтөрдөгү” үлүштү 67 пайыз кыла алабыз”

Өкмөт отставкага кеткенде гана Кыргызстан “Кумтөрдөгү” үлүшүн 67 пайызга жеткире алат. Муну бүгүн, 9-январда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Эркин Алымбеков айтты. Депутат билдиргендей, эгер өкмөт “Кумтөр” боюнча меморандумду артка чакыртып алган күндө да ага чоң өзгөртүүлөр кирбейт.

“Бийлик болгону Бишкек жана Ош шаарынын мэрлерин шайлоону тынч өткөрүп алуу үчүн убакытты созууда. Андан кийин ал макулдашууну бизге кабыл алууга сунушташат. Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоо үчүн “Центерранын” адвокатына айланган өкмөттү отставкага кетирүү керек. Соттон коркпошубуз шарт. Үлүшүбүздү 67 пайызга жеткирип, 2003 жана 2009-жылдагы макулдашуу боюнча 1 миллиард доллар өндүрүшүбүз кажет”,- деди депутат. 

Эскерте кетсек, "Кумтөр" боюнча 2013-жылдын 23-декабрында өкмөт сунуштаган макулдашуу долбоору ЖКнын комитет жана фракцияларында каралмай болгон. Буга чейин парламенттин үлүштү 67 пайызга жеткирүү тапшырмасын өкмөт аткара алган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан