Бишкекте 4 356 үй-бүлө көмүр менен камсыз болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Жалпысынан мэрия тарабынан аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн 6,74 миң тонна көмүр даярдалган. Калкка көмүр сатуу боюнча шаардын райондорунда 5 отун базасы жана 35 стационардык түйүн иштейт.
Белгилей кетсек, учурда "Шабыркүл", "Майкуба" жана "Кара-Жыгач" үлгүлөрүндөгү көмүрдүн тоннасы 3100-3400 сомдон сатылууда.