Султанбай Айжигитов: "Нейтралдуу жерди ким күчтүү болсо каалаган убакта тартып алганга укугу бар"

Бүгүн, 5-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов Кыргыз-тажик чек ара келишими менен Тажикстан Ворух анклавына траспорттук коридор алганын билдирди. Эл өкүлү эми анклавды кошуш үчүн бир эле кадам калганын, ал кадамды качан жасашарын убакыт көрсөтөрүн кошумчалады.

Айжигитов Ворух анклавына коридор ачууга эки тоскоолдук болуп турганын белгиледи.

"Биринчиси, Достук айылы. Экинчиси, Хожалы – Ак-Сай – Ворух жолундагы ошол тилке бизге караштуу болуп турган дагы, ошол тоскоол болуп турган. Азыр эми бул келишим боюнча тажиктер "Достук айылын толугу менен бизге бергиле" деп жөн жерден талап койгон эмес. Биз ага толугу менен макул болуп, ал тоскоолдукту алып коюп жатабыз. Биз үчүн Достук айылынын стратегиялык мааниси ошол коридорго жол бербей турганы, андан тышкары ошол жерде жашап жаткан элдин чек араны коргоп турганы болчу.

Ал эми экинчи толскоолдук болгон Хожалы – Ак-Сай – Ворух жолунан кантип качып кетип жатышат? Булар түздөн-түз коридор алыш үчүн Дача-Капчыгай жолун сурап жатат. Ошону анан нейтралдуу кылып жатышат. Нейтралдуу кылганда дагы жолдун өзүн эле эмес, эки четинен 15тен, жол өзү 10 метр, жалпы 40 метр жер нейтралдуу болуп калууда. А нейтралдуу деген бул - сеники да эмес, меники да эмес дегени. Нейтралдуу жерди ким күчтүү болсо каалаган убакта тартып алганга укугу бар", - деди Айжигитов.

Эске салсак, 27-февралда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоонун алкагында кайсы аймактарды алмашышканын Жогорку Кеңеште айтып берген.

Атайын кызматтын башчысы Баткендеги Достук айылы толугу менен Тажикстанга берилип, 91 гектардын ордуна эле 91 гектар жер жана ага кошумча Тажикстандан 30 гектар суулуу жер компенсация катары Кыргызстанга алынганын айткан.

Ошондой эле ал сунушталып жаткан документ бекитилсе талаштуу болуп келген Төрт-Көчө тилкеси нейтралдуу макамга ээ болуп, Кыргызстан менен Тажикстан бирдей пайдаланарын билдирген. Мындан сырткары узундугу 3400 метр болгон Дача–Капчыгай автожолун тажик тарап, 3300 метр Миң-Өрүк–Самаркандек жолун кыргыз тарап пайдаланмай болгон.

Жогорку Кеңеш 05.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан