"Эки күн уктап келип алып..." Депутат Сулайманов кесиптеши Айжигитовду сынга алды

Бүгүн, 5-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов чек ара маселеси чечилип жатканда уткан же утулган тарап деген болбой тургандыгын айтты. Ал Кыргызстан Тажикстанга бир жерди берсе, башка жерди алганын белгиледи.

Ага улай кесиптешинин сөзүн Кундузбек Сулайманов кубаттап, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өзү Жогорку Кеңешке келип маалымат берип жатканда эч ким суроо узатпаганын эске салды.

"Эми бүгүн эки күн уктап келип алып, тигиндей-мындай деп айткан – бул туура эмес. Бул эки мамлекеттин ортосунда жакшы сөзгө алып келбейт. Ошондо "өзүм келип (ред.: Камчыбек Ташиев) майда-баратына чейин айтып берем" деген. Ошого чейин сабыр кылып туралы. Бизге мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнүн толук сакталганы абзел. Ушул жерде бардыгыбыз добуш берип колдогонбуз. Позициябыздан тайбашыбыз керек. Берген добушубуздун ээси болуп туралы", - деди Сулайманов.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Султанбай Айжигитов Баткендеги Достук айылын алмашуу чечимин туура эмес деп эсептей турганын билдирди. Эл өкүлү Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоору менен толук таанышып чыкканын айтып, ага өзүнүн сунуштарын берди.

Айжигитов Кыргыз-тажик чек ара келишими боюнча азыр сунушталып жаткан документ бекитилсе Тажикстан Ворух анклавына коридор алат деп эсептейт. Ошондой эле ал Достук айылынын Кыргызстан үчүн стратегиялык маанисине токтолду.

Эске салсак, 27-февралда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоонун алкагында кайсы аймактарды алмашканын парламентте айтып берген. Жогорку Кеңештин беш комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек ара келишими боюнча макулдашуу долбоорлору каралып, аны депутаттар бир добуштан колдогон.

Бул документ эки мамлекеттин парламенттеринде ратификациядан өтүп, ага президенттер кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Жогорку Кеңеш 05.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан