Бүгүн, 5-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоору менен толук таанышып чыкканын айтып, ага өзүнүн сунуштарын берди.
Эл өкүлүнүн сунуштары:
Айжигитов Кыргыз-тажик чек ара келишими боюнча азыр сунушталып жаткан документ бекитилсе Тажикстан Ворух анклавына коридор алат деп эсептейт. Ошондой эле ал Достук айылынын Кыргызстан үчүн стратегиялык маанисине токтолду.
Эске салсак, 27-февралда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоонун алкагында кайсы аймактарды алмашышканын Жогорку Кеңеште айтып берген. Атайын кызматтын башчысы Баткендеги Достук айылы (91 гектар) толугу менен Тажикстанга берилип, анын ордуна кайра эле 91 гектар жер жана ага кошумча Тажикстандан 30 гектар суулуу жер компенсация катары Кыргызстанга алынганын айткан.
Мындан сырткары ал сунушталып жаткан документ бекитилсе, талаштуу болуп келген Төрт-Көчө тилкеси нейтралдуу макамга ээ болуп, Кыргызстан менен Тажикстан бирдей пайдаланарын билдирген. Ошондой эле узундугу 3400 метр болгон Дача–Капчыгай автожолун тажик тарап, 3300 метр Миң-Өрүк–Самаркандек жолун кыргыз тарап пайдаланмай болгон.
Андан тышкары Ташиев чыр чыгып келген "Головной" суу бөлүштүрүү жайын эки мамлекет чогуу пайдалана турганын билдирген. Ал үч люктун 1,5ы – үч-төрт метр жер тилкеси менен Тажикстан тарапка өткөнүн, "Головной" суу бөлүштүрүүчү курулмасынын 1,5 люгунун ордуна Кыргыз тарап 750 гектар жерди ала турган болгонун айткан.