Орозодо туура жана пайдалуу азыктар менен тамактануу өтө маанилүү экенин диетолог эскертти. Бул жолу SUPER.KG порталы врач-кардиолог жана диетолог Айзада Эрнисова менен орозо маалындагы тамактануу эрежелери тууралуу маек курду.
Орозонун биздин организмге тийгизген таасири
– Орозо кармоо менен биз ден соолугубузга көптөгөн пайдаларды ала алабыз. Эң эле алгач детоксикация, башкача айтканда, организмдеги токсиндерди (зыяндуу заттарды) жок кылуу, сыртка чыгаруу процесси жакшы иштей баштайт. Ичегилерибиздеги "микробиома" калыбына келет. Жалпак тил менен айтканда, ичегилерде көбөйүп кеткен жаман микробдор, бактериялар азаят жана пайдалуу микроорганизмдер көбөйөт. Ошондой эле аутофагия процесси, тактап айтканда, биздин эски, начар клеткаларыбыз өздөрүн-өздөрү жеп жок кылышат. Организмде күчтүү клеткалар гана калып, ден соолук чыңдалат.
Орозо кармоо рак ооруларын алдын алуу болуп саналат. Ал эми рак оорусу менен күрөшүп жаткандарда химиотерапиянын зыяндуу эффекттерин нейтралдаштырууга жакшы жардам берет. Ошону менен катар кандагы сахар жөнгө салынат. Жүрөк-кан тамыр системасы жакшырат, себеби кандагы жакшы майлардын (ЛПВП) саны көбөйүп, жаман майлардын (ЛПНП) саны азаят.
Орозо айындагы туура тамактануу
– Орозо айында туура тамактанууга мүмкүн. Орозо кармап жатканда баланстуу макро (белоктор, майлар, углеводдор) жана микронутриенттерден (витаминдер, минералдар, ферменттер) түзүлгөн тамактарды жешибиз керек. Суткалык калориянын көбүрөөгүн, тактап айтканда, 60-65 пайызын ооз бекитүү учурунда, ал эми 35-40 пайызын ооз ачканда жеген жакшыраак. Себеби, кечинде организмде инсулин клеткалары (май клеткалары, булчуң клеткалары) күндүзгү убакытка караганда жай иштейт. Бул организмде ашыкча салмакты пайда кылышы мүмкүн.
Орозодо күндүз кыйналбаш үчүн ооз бекитүү учурунда азыктарды тартиби менен жеген өтө маанилүү. Мисалы: алгач клетчатканы (салат, жашылчалар) жеген туура болот, андан соң негизги тамак, эң сонунда мөмө-жемиштерди жеген жакшы. Мындай тамактануу ашказанга түшкөн сахарды канга жай сиңирүүгө жана уйку безинен инсулин гормонунун бөлүнүп чыгуусун алдын алат. Эгер биз ушундай ыкма менен тамактансак, курсагыбыз ток жүрүүсүн камсыз кылган болобуз.
Орозо маалында биз жеп жаткан азыктарда сөзсүз түрдө белок, майлар, углевод болуусу зарыл. Биз белокту эттен (уйдун, койдун, тооктун, жылкынын эти), жумурткадан, нокоттон, маштан, буурчактан, шпинаттан жана башка азыктардан ала алабыз. Ал эми организмге керектүү майларды сары май, зайтун, авокадо, какос майлары, жаңгак жана башка азыктарды колдонуудан алсак болот. Углеводду кадимки эле гречка, перловка, жасмык ушул сыяктуу азыктардан алабыз. Орозодо организди ток кармоо үчүн ушул азыктарды жана буудайдын унунан атайын ачыткы менен жасалган нандарды жесек туура болот.
Орозодо баш тартуучу азыктар
– Орозо учурунда жөнөкөй углеводдордон, тактап айтсак, нан, таттуулардан баш тартуу керек, же болбосо өтө аз өлчөмдө колдонгон туура. Мындай азыктар ооздун ичинде эле ээригендиктен, канга сиңет жана андагы кандагы кантты абдан бийик өлчөмдө көтөрүп салат. Бул болсо уйку безинин абдан көп өлчөмдө инсулин гормонун иштеп чыгуусуна алып келет. Инсулин өтө тез жана көп чыкканда кандагы канттын өлчөмү түшүп кетип, курсактын тез ачуусуна шарт түзөт.
Орозодо сууну туура ичүү
– Орозо кармаганда суунун режимин, айрыкча анын составындагы минералдардын балансына көңүл буруу маанилүү. Суунун суткалык нормасы 2 литр деп эсептелинет, биз муну оозубуз ачык маалында толтурушубуз керек. Ооз бекитүү учурунда сууну көбүрөөк ичүү керек, ал эми ооз ачканда сууну аз ичүү маанилүү.