Ош шаарынын мэрин шайлоого көз карандысыз уюмдардын өкүлдөрү жана журналисттер катышат. Бул тууралуу Аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү Рысбек Нурдинов билдирди. Айта кетсек, шаар башчылыгына 2 гана талапкер катышмакчы. Алар “Улуттар Биримдиги” фракциясынын лидери Мелис Мырзакматов жана көпчүлүк коалициядан көрсөтүлгөн Айтмамат Кадырбаев.
"Бюллетендер шайлоого 2 күн калганга чейин даяр болушу керек",- деди Нурдинов.