Депутат Ашимова фракциялашы Айжигитов чек ара боюнча макулдашпастан билдирүү жасаганын айтты

Бүгүн, 5-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Ыйман нуру" фракциясынын лидери Динара Ашимова кесиптеши Султанбай Айжигитов чек ара боюнча билдирүүсүн фракция менен макулдашпастан жасаганын айтты.

"Айжигитов суранганынан биз бергенбиз. Бирок биздин фракция менен макулдашпай туруп, учурда сезимтал болгон мамлекетке керектүү маселе боюнча өзүнүн жеке оюн айтып, элибизге дүрбөлөң салып, туура эмес позиция кылганы үчүн фракциянын мүчөлөрү сүйлөшүп, түшкү тыныгууда кезексиз жыйын өткөрүүнү чечтик. Анда Айжигитов менен сүйлөшүп, анан тийиштүү чечим кабыл алабыз", - деди ал.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында Айжигитов борбордук трибунага "Ыйман нуру" фракциясынын 10 мүнөттүк убактысы менен чыгып, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоору менен толук таанышып чыкканын айтып, өз пикирин билдирди. Жыйында эл өкүлүнө ал убакыт дагы жетпей, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын 10 мүнөтүк убактысы да берилген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан