Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоочулар менен жолугушууну улантышууда. Парламенттеги “республикачы” депутат Элмурат Обдунов Ош облусунун Араван районунда шайлоочулары менен жолугушууда. Муну 9-январда ЖКнын маалымат кызматы билдирди. Депутат 8-январда Керме-Тоо айылында болуп, жергиликтүү тургундардын арыз-муңун укту. 10-11-январда Маңгыт жана А.Анаров айыл өкмөттөрүндө шайлоочулар менен жолугушуу өткөрөт.