Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары эртең, 10-январда кезектеги жыйынга чогулат. Муну ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Жыйында төмөнкү маселелер каралмакчы:
1. “Айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу заттарды чыгаруу, агызуу, калдыктарды жайгаштыруу) үчүн айып пулдун өлчөмү жөнүндө” жана “КРнын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлору.
2. Соттолгон Р.Рыкунованын арызы боюнча “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарынын №1-СИЗОго барып келиши тууралуу маалымат.
Маселе боюнча депутаттар Өмүрбек Текебаев жана Ташполот Балтабаев баяндама жасайт.