Учурда Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунда 11 казанагрегаты жана 6 түтүкагрегаты иштеп жатат. Аларда эч кандай мүчүлүштүктөр жок. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, баш калаада кышкы жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн тиешелүү кызматтар тарабынан бардык чаралар көрүлүүдө. Борборлоштурулган жылуулук системине жылуулук белгиленген режимде берилип жатат.