Сириянын Латакия жана Тартус провинцияларындагы кагылышууларда миңден ашуун адам набыт болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Сириянын Адам укуктары боюнча обсерваториясынын маалыматына таянып жазып чыгышты.
Сириянын жаңы өкмөтүнүн күчтөрү менен бийликтен кулатылган президент Башар Асаддын жактоочуларынын ортосунда 6-мартта башталып, эки күнгө созулган кагылышуудан кеминде 745 жай тургун набыт болгон. Мындан тышкары өкмөттүн 125 аскер кызматкери жана Асадга байланышы бар куралдуу топтордун 148 согушкери каза болгон. Азырынча кагылышуудан жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жок.
Al Jazeera өз булактарына таянып, Латакия шаарында өкмөттүн кеминде 231 коопсуздук кызматкери набыт болгонун жазды.