Таалай Сабировдун депутаттык мандаты “Улуттар Биримдиги” партиясынын тизмесиндеги кезектеги талапкер Айгүл Кудайкуловага ыйгарылды. Бул туурасында бүгүн, 9-январда фракциянын лидери Рысбек Мырзаматов билдирди.
Эске сала кетсек, КРнын Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин 30-декабрдагы буйругу менен Таалай Сабиров КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалган. Бул кызматка чейин Таалай Сабиров Ош шаардык кеңешинин төрагасы болчу. Ал “Улуттар Биримдиги” фракциясынан депутат болуп шайланган.