УКМК Ысык-Көлдө бир катар социалдык объектилерди мамлекетке кайтарды (тизме) 

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы социалдык объектилер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта УКМКдан билдирди.

Маалымдалгандай, УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилген өнөр жай объекттерин, жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында төмөнкү объекттер кайтарылды:

  • 356 чарчы метр администрациялык имараты бар 70 сотых жер тилкеси;
  • мурда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы Мамакеев атындагы орто мектептин балансында турган 944 чарчы метр аянттагы откананын имараты;
  • Ак-Суу капчыгайында жайгашкан жылуу суулары бар аянты 39 чарчы метрди түзгөн дарылоо борборунун имараты;

Ошол эле учурда аталган жер тилкелерин жана курулмаларды мыйзам ченемдерин бузуу менен К.Д. аттуу Ак-Суу айылынын тургуну сатып алгандыгы аныкталды. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында К.Д. мыйзам бузуу фактыларын мойнуна алып, жогоруда аталган объектилерди Ак-Суу районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

Мындан тышкары мурда бала бакча жайгашкан 60 сотых өлчөмүндөгү мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан