Бишкекте Нооруз турнирине карата башталган көк бөрү оюнундагы адам өлүмү менен коштолгон окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, шектүү катары бир адам кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, оюн учурундагы кагылышуудан "Бөрүлү" командасынын капитаны Мирлан Сраждинов башынан катуу жаракат алып, каза болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 28 жаштагы А.Ч. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Милиция учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Окуя кечээ, 12-мартта Бишкектин четиндеги ат майданда болгон. Анда Сокулуктун "Бөрүлү" командасы менен Оштун "Бүркүт" командасы ойноп жаткан маалда легендарлуу улакчы Мирлан Сраждинов атаандашы менен кагышып, андан кийин улакчы каза болгон.
Бул окуядан кийин турнир эки күнгө токтотулуп, Көк бөрү федерациясы аза күтүү жарыялады.