КРнын Салык кодексине толуктоо кирди

Президент Алмазбек Атамбаев айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө күнөскана чарбалары жана күнөсканалар үчүн жабдууларды  жеткиликтүү баада сатып алууга өбөлгө түзгөн мыйзамга кол койду.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине киргизилген толуктоого ылайык, каржылык ижара келишими боюнча импорттолгон күнөсканалар кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулат.

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” КРнын мыйзамы Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 21-ноябрында кабыл алынган болчу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан