Бишкек шаардык кеңешиндеги “Замандаш-Современник” фракциясы коалициялык көпчүлүктөн чыкканы жатат

Бишкек шаардык кеңешиндеги “Замандаш-Современник” фракциясы коалициялык көпчүлүктөн чыгууга камынып жатканы айтылууда. Такталбаган маалыматтарга таянсак, мындай чечим фракциянын 9-январдагы отурумунда кабыл алынып, буга фракциялардын ортосунда саясий кызыкчылыктар үчүн өз ара ыплас сүйлөшүүлөрдүн башталышы себеп болуптур. Эскерте кетсек, 15-январда Бишкек жана Ош шаарларынын башчыларын шайлоо өтөт. Бишкек мэрлигине КСДПдан жалгыз талапкер Кубанычбек Кулматов ат салышканы жатат. Мэр болуп шайланышы үчүн талапкер шаардык кеңештеги 45 депутаттын 23төн ашыгынын добушун алууга тийиш.

Учурда шаардык кеңеште КСДП фракциясында 21, “Республика” фракциясында 11, “Замандаш-Современник” фракциясында 6, “Ата Мекен” фракциясында 7 мандат бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан