Легендарлуу улакчы Мирлан Сраждиновдун сөөгү Төш-Булак айылында жерге берилди

Бишкектеги көк бөрү турниринде каза болгон легендарлуу улакчы Мирлан Сраждиновдун сөөгү Сокулук районунун Төш-Булак айылында жерге берилди.

Улакчыны акыркы сапарга узатуу зыйнатына көк бөрүчүлөр баштаган миңден ашык адам келди.

Окуя 12-мартта Бишкектин четиндеги ат майданда болгон. Анда Сокулуктун "Бөрүлү" командасы менен Оштун "Бүркүт" командасы ойноп жаткан маалда легендарлуу улакчы Мирлан Сраждинов атаандашы менен кагышып, андан кийин улакчы каза болгон.

Ленин райондук ички иштер бөлүмү бул факты боюнча бир улакчы жана оюндун калысын кармаган.

Бул окуядан кийин турнир эки күнгө токтотулуп, Көк бөрү федерациясы аза күтүү жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан