Ош шаарында 15-16-январь күндөрү мектептердин медиа-борборунда ”Мен жаңылык жасайм ” аттуу фестиваль өтөт. Бул тууралуу “Сорос Кыргызстан” фондунун координатору Тынымгүл Эшиева билдирди.
Анын айтымында, аталган иш-чарага жүздөй адам катышат. Алар мектеп окуучулары, машыктыруучулар жана башкалар. Фестивалдын жүрүшүндө тегерек стол, мастер-класс жана ар кандай темада дебаттар өтмөкчү.