Бишкектеги Балдар борборунан дагы эки кыз качты. Алар изделүүдө

Бишкек шаарында 14 жаштагы Серофима Турдиева жана 17 жаштагы Аделина Кылычбекова дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Ленин РИИБинен билдирди.

Маалым болгондой, өспүрүм кыздар 14-март күнү Астраханская көчөсүндө жайгашкан Балдарды коргоо борборунан качып кетишкен.

Милиция сүрөттөгү кыздарды көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 0(312) 35 29 47, 0(312) 35 26 05, 0 705 307 701, 0440.

Ленин райондук милициясы аталган борбордон 15-март күнү дагы 2 жашы жете элек кыз качып кеткенин маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан