Бишкекте Балдарды коргоо борборунан качып кеткен өспүрүм кыздар изделүүдө

Бишкек шаарында 17 жаштагы Арууке Асамбаева жана 15 жаштагы Адия Кылычбекова дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Ленин РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-мартта милицияга А.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, жашы жете элек кыздар Астраханская көчөсүндө жайгашкан Балдарды коргоо борборунан качып кетишкенин айткан.

  • Аруукенин белгилери: бою 150-155 сантиметр, чачы кара, көзү күрөң, кырдач мурун.
  • Кийген кийимдери: күрөң кофта, кара шым, ак спорттук бут кийим.
  • Адиянын белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачы узун, кара, көзү күрөң, кырдач мурун.
  • Кийген кийими: кара толстовка, көк жынсы шым, кара спорттук бут кийим.

Милиция кыздарды көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 0(312) 35 29 47, 0(312) 35 26 05, 0 705 307 703, 0 701 644 403. Ленин РИИБ аталган борбордон 14-март күнү дагы 2 кыз качып кеткенин белгилейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан