Талас облусунун Манас районунун акими болуп Эрмекбай Омошев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
Айта кетсек, райондун мурунку акими Досмамбет Жээнбеков 21-февралда кызматтан алынган.