Бишкектин Биринчи май райондук соту эстрада ырчысы Кайрат Примбердиевдин иши боюнча маалымат берди.
"Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 20-мартындагы өкүмү менен П.К.Т Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 1000 эсептик көрсөткүч, башкача айтканда, мамлекетке 100 миң сом өлчөмүндө айып салууга өкүм кылынган", - деп билдиришти райондук соттон.
Буга чейин ырчы өзү билдирүү жасап, Казакстандын "Айран Ютуб" каналына берген маегинде сүйлөгөн сөзү үчүн 100 миң сом айып пул салынганын айткан.
Айта кетсек, февраль айынын башында социалдык тармактарда ырчынын казакстандык журналисттерге берген маеги талкууга түшкөн. Көп өтпөй УКМК Примбердиевге Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогону кабарланган.