Эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев мамлекетке 100 миң сом айып пул төлөй турганын айтты. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Бир жарым ай мурун Казакстандын "Айран Ютуб" каналына берген интервьюмдагы "казак элинен жеке өзүмдүн атымдан Кененсарынын башы үчүн кечирим сурайм" деген сөздөрүм үчүн резонанс болуп кетти эле. Андан кийин УКМК тарабынан бул иш каралып, Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу) боюнча сотко өткөн. Сот бүгүн бүттү. 100 миң сом айып пул мамлекеттик боюджетке сала турган болдум", - деген ырчы.
Айта кетсек, февраль айынын башында социалдык тармактарда ырчынын казакстандык журналисттерге берген маеги талкууга түшкөн. Көп өтпөй УКМК Примбердиевге Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогону кабарланган.