Таластык дыйкандар 39 316 тонна төө буурчакты дүйнөнүн 17 өлкөсүнө экспорттошту

Талас облусунда 2013-жылы 84 миң тоннадан ашуун төө буурчак жыйналган. Облустагы өкмөттүн атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, түшүмдү даярдоо жана экспорттоо менен 54 фирма алектенүүдө. 
Маалыматка ылайык, 2013-жылдын 1-сентябрынан тартып 2014-жылдын 10-январына чейин 39 316 тонна төө буурчак  дүйнөнүн 17 өлкөсүнө экспорттолгон. Сатып алгандагы баа сорту жана сапатына карап орто эсеп менен 105-110 сомдон болгон. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп.
Белгилей кетсек, Талас төө буурчагын Түркия, Болгария, Сербия, Македония, Орусия, Украина, Босния жана Герцеговина мамлекеттери көп сатып алышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан