Ош шаарында жарандарды каттоо бөлүмү 2013-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Жороева Светлана бүгүн, 10-январда маалымдады.
Маалыматка караганда, 2013-жылы 6887 наристе жарыкка келген. Ал эми каза тапкан кишилердин саны 1664 адамды түзгөн. Ал эми никеге тургандардын саны 2102 болсо, 465 үй-бүлө ажырашкан.