“Ата Мекен” фракциясынын 10-январдагы жыйынына Катылган жардыргыч зат боюнча камактагы Абдулла Юсуповду Жалал-Абадга коштоп барып келген ЖАМКнын кызматкерлери маалымат беришти. Кызматкерлердин бири (аты аталбайт) буларды айтып берди. “Ал күнү жумуштан үйгө кеткенден кийин бизди кайра чакырды. Келсек, жетекчилик “Абдулла Юсуповду Жалал-Абадга алып барып келесиңер” деди. Саат 10:00 чамасында Бишкектен чыгып кетип Сузакка 9дарда жеттик. Сузак РИИБиге бардык, анан бир эски мүрзөгө бардык. Ошол жерде кампа бар экен. Юсупов өзү кампага кирип жардыргыч зат алып чыкты. Юсупов ошондо “муну Өмүрбек Текебаев катып кой” деп берген деп айтты. Кайра РИИБиге келдик”.
Мындан кийин Өмүрбек Текебаев “мына, өзүңөр уктуңар. Рысалиев башында “жардыргыч затты Текебаев бекиттирген деп чыккан. Кийин материалдар дал келбей калып пикирин өзгөрттү да “Юсуповго гранатаны Райкан Төлөгөнов берген” деп чыкты. Рысалиев жасалма фактылар менен алектенип жатканы далилденип жатат”,- деп билдирди.