Минскте Александр Лукашенконун инаугурациясы өттү

Бүгүн, 25-мартта Минск шаарында Беларустун президенти Александр Лукашенконун инаугурациясы болуп өттү. Бул туурасында чет элдик маалымат агенттиктеринде жазылды.

Маалым болгондой, салтанат Беларустун борборундагы Эгемендүүлүк сарайында өттү. Ага Беларустун Элдик жыйынынын депутаттары, жогорку жана төмөнкү палаталардын өкүлдөрү, Конституциялык жана Жогорку Соттун судьялары, ошондой эле атайын чакырылган коноктор катышты. Лукашенко ант берген соң Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Игорь Карпенко ага президенттик күбөлүктү тапшырды.

Лукашенко ушуну менен президенттик кызматка жетинчи жолу расмий киришти.

Кабарлай кетсек, аталган өлкөдө президенттик шайлоо ушул жылдын 26-январында өткөн. Республиканын Борбордук шайлоо комиссиясы 3-февралдагы отурумунда Лукашенконун жеңишин тастыктады, ага шайлоочулардын 86,82 пайызы добуш бергенин билдирген. Бул добуш берүүгө катышкан өлкө жарандарынын жарымынан көбүн түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан