Кремль Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөрдүн мазмунун ачыктабай тургандыгын билдирди

Эр-Рияддагы орусиялык жана америкалык делегациялардын сүйлөшүүлөрүнүн мазмуну ачыкталбайт. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

"Сөз техникалык сүйлөшүүлөр тууралуу болуп жатат. Андыктан бул деталдарды камтыган сүйлөшүүлөрдүн мазмуну, албетте, ачык айтылбайт. Аны күтүүнүн кереги жок", - деген Песков.

Белгилей кетсек, кечээ, 24-мартта Эр-Рияддагы АКШ менен Орусия тараптын делегацияларынын сүйлөшүүлөрү болуп, ал 12 саатка созулганы айтылган.

Ал эми 25-мартта сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча расмий билдирүү жарыялана турганы жана сүйлөшүүлөрдө Кара деңизде кеме жүрүү коопсуздугу жана энергетикалык объектилерде убактылуу ок атышууну токтотуу талкууланганы айтылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан