“Ата Мекен” фракциясынын 10-январдагы жыйынында депутат Жоомарт Сапарбаев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге чара көрүү керектигин айтты.
“Качкыналиев түрмөдөгү Абдулла Юсуповго 6 айда 66 жолу кирип сүйлөшүп чыгыптыр. Анчалык эмне иши бар? Сүйүү романы барбы? Ошол Качкыналиев Азиз Батукаевди аэропортко чейин коштоп барып узаткан адам. Бул боюнча дыкат иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу зарыл”,- деди депутат.
Юсупов менен Качкыналиевдин көп жолу жолукканын жыйынга катышып жаткан ЖАМКнын кызматкерлери да тастыктады.
Жыйында “ата мекенчи” депутаттардын №1-СИЗОго болгон иш сапары тууралуу видеонун толук варианты көрсөтүлүүдө. Анда ЖАМКнын кызматкерлери Качкыналиевдин мыйзамсыз иштерин айтышты. “Качкыналиев келип Юсуповго кирип, кызматкерлерге ар кандай тапшырмаларды берет. “Аткара албайбыз” десек, иштен кетире турганын айтчу”,- дешти алар.