Белгилүү төкмө акын Асылбек Маратов УКМКдан ырдаган ыры үчүн эскертүү алдыбы?

Белгилүү төкмө акын Асылбек Маратов өзүнүн Facebook баракчасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен эскертүү алганын жазып чыкты. Бирок ал анын себептерин ачыктаган жок.

Андыктан социалдык тармактардын колдонуучулары акындын эскертүү алганын "30 миллиард жегенди, 10 мүнөт кол чаап узаттык" деп ырдаганы менен байланыштырышууда. Акын аталган ыр саптарын 17-январда маркум Элмирбек Иманалиевди эскерүү концертинде ырдаган болчу. Анда ал:

"...Эр азамат кыргызда эрлер дагы алдамчы,

Вокзалды нары жылдырган мэрлер дагы алдамчы.

Алдамчы болуп кыргыздар кайсы жакка жетебиз?

Калкымдын ушул көйгөйүн айта кетсем болбостур,

Алайын десең нан кымбат, албайын десең жан кымбат.

Багайын десең мал кымбат, бензин, дизель, май кымбат.

Айтор, баары эле кымбат болууда,

Ошондуктан, туугандар, ынтымак болсун ортодо.

Отуз жылдын ичинде көзүбүздү кызартып, көптөн карыз сурадык,

Көзүбүздү кызартып, салыкты мына жыйдык го.

Карапайым калкымдын жонуна нечен туз арттык,

Отуз миллиард жегенди, он мүнөт кол чаап узаттык...", - деп төккөн.

Акын ырдардан бир ай мурун мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаров кызматтан алынып, ал "Ынтымак ордодон" кол чабуулар менен узатылган. Президент Садыр Жапаров ал Салык кызматындагы жемкорлук иштерден улам кызматтан алынганын айткан. Жапаров өкмөт башчылыктан кетер алдында УКМК салык кызматынын башчысын жана анын орун басарын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар деп кармаган.

Кийинчерээк Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында аткезчилик иштеринен улам өлкө казынасына 30 миллиард сомдун тегерегинде салык төлөнбөй калганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан