Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы Зарылбек Рысалиевдин кудагыйы Бишкектеги №1-СИЗОдо жатат. Муну “Ата Мекен” фракциясынын 10-январдагы жыйынында фракция лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Айтымында, ал СИЗОдо мыкты шартта кармалууда.
“СИЗОдогу Раушан Рыкунова айткандай, Рысалиевдин кудагыйы А.Юсуповго окшоп мыкты шартта кармалып турат. Ал колонияга которулушу керек экен, бирок Рысалиев ал жакка которттурбай кармап келген”,- деди Өмүрбек Текебаев.