Түштүк Кореянын түштүк-чыгышын каптаган токой өртү жайлуу тургундардын аймактарын каптап, каза болгондордун саны 26 адамга жетти. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, дагы 8 адам оор, 22 жаран жеңил жаракат алган. Катуу шамалдан жана кургак аба ырайынан күчөп жаткан өрт бүтүндөй кварталдарды талкалоодо. Мындан улам 37 миң 185 адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.
Өрттүн жалпы аянты 36 миң гектарга жетип, январь айында Лос-Анжелестеги өрттүн аянтынан чоң экендиги айтылууда.
Белгилей кетсек, буга чейин каза болгондордун саны 18 экендиги айтылып, өрттү өчүрүүгө тартылган бир тик учак жерге кулагандыгы маалым болгон.