Гренландиянын премьер-министри: "Биз америкалык болгубуз келбейт"

Гренландия АКШнын курамына кошулгусу келбейт. Бул тууралуу аралдын премьер-министри Муте Эгеде Fox News телеканалына берген маегинде билдирди.

"Биз америкалык болгубуз келбейт, АКШнын бир бөлүгү болгубуз келбейт. Бирок АКШ менен бекем кызматташтыкты каалайбыз", - деген ал.

Ошондой эле Эгеде Гренландия ар дайым НАТОнун бир бөлүгү болуп каларын кошумчалаган.

Эске салсак, Трамп декабрь айында Гренландия аралы Кошмо Штаттардын менчигине өтүшү керек деген пикирин дагы билдирген эле. Көп өтпөй Гренландиянын премьер-министри Муте Эгеде жооп кылып, арал эч качан сатылбастыгын айткан. Трамп жыл башында Флоридадагы маалымат жыйынында кайрадан Гренландия тууралуу сөз кылып, аралды көзөмөлгө алуу үчүн экономикалык же аскердик күч колдонуу мүмкүндүгүн кыйыткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан