ЖАМКнын мурунку башчысы Зарылбек Рысалиевди №1-СИЗОдогу Абдулла Юсуповдун жанына же Нарындагы бош калган Азиз Батукаевдин камерасына отургузуш керек. Муну “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында депутат Туратбек Мадылбеков айтты. “Зарылбек Рысалиев ИИМди башкарып турганда министрликке 15 миллион сомдук зыян келтирген. Бул иштер кандай болгонун мен жакында ачыкка чыгарам. Рысалиевди баатыр кыла берүүнүн кереги жок. Ал үчүн 2 гана орун бар: №1-СИЗОдогу кылмышкер Абдулла Юсуповдун жанындагы орун же Нарындагы Азиз Батукаевдин бош калган камерасы”,- деди депутат.