Ош. “Тазалык” муниципалдык мекемеси 2013-жылда абоненттердин таштандыга болгон төлөмүн 4 миллион 370 миң сомго жеткирди

Ош шаарындагы “Тазалык” муниципалдык мекемеси 2013-жылда абоненттердин таштандыга болгон төлөмүн 4 миллион 370 миң сомго жеткирди. Мындай көрсөткүч “Тазалык” муниципалдык мекемесинде алгачкы жолу болуп жаткандыгын аталган мекеменин жетекчиси Искендер Жороев маалымдады.

"Тазалык" муниципалдык мекемесинин эсеби боюнча Ош шаарында жалпысынан 146 миң абонент бар. Учурда 2014-жылга келишим түзүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондуктан аталган мекеме жалпы жеке менчик, коммерциялык структураларынын өкүлдөрүн келишим түзүүгө чакырам. "Тазалык" муниципалдык мекемесинин тарыхында биринчи жолу абоненттик төлөм 4 миллион сомдон ашты. Шаар калкы активдүүлүгүн көрсөтүп, төлөмдөрдү өз убагында төлөп жатышат",- деп билдирди Искендер Жороев.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан