Өкмөт “Кумтөр” боюнча макулдашуу долбоорун Жогорку Кеңештен артка чакыртып алышы мүмкүн. Муну “Ата Мекен” фракциясынын 10-январдагы жыйынында фракция лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.
“Кумтөр” боюнча макулдашууну биздин фракция бүгүн карамак. Бирок өкмөт ал долбоорго өзгөртүү киргизе турганын айтып бизден убакыт сурады. Менимче өзгөртүү киргизгенден кийин өкмөт ал макулдашуу долбоорун артка чакыртып алат”,- деди Текебаев.