Бүгүн ,10-январда Ош шаары жана облусу боюнча Башкы башкармалыгында шаардык жана облустук ИИБ жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп өттү. Анда аймактагы коомдук-саясий абал боюнча өткөн жылдын болжолдуу жыйынтыгы чыгарылды.
Учурда Ош шаары жана облусунда коомдук-саясий кырдаал туруктуу. Бирок Ош шаарынын мэрин шайлоо шаардыктардын тынчын алууда. Ошондой эле мэрликке аттанышкан эки талапкердин тарапкерлеринин ортосундагы тирешүүдөн үчүнчү күч пайдаланып, абалды оорлотуп жибериши болжолдонууда.
Коомдук-саясий кырдаалды туруктуу сактоо үчүн ИИМдин Ош шаары жана облусу боюнча Башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков бардык күч түзүмдөрүнүн башчыларына жаштар комитеттери жана башка органдар менен активдүү иштешүүнү тапшырды. Мындан сырткары элдик кошуундун мүчөлөрү менен биргеликте шаар көчөлөрүндө түшүндүрүү иштерин алып барууну уюштурууга буйрук берди.
"Милиция кызматкерлери саясаттан сыртта турат. Биз коомдук тартипти сактоого милдеттүүбүз. Азыркы саясий кырдаалдан пайдаланып кете турган күчтөр бар. Ошондуктан шайлоо алдында, андан кийин да үчүнчү күчтөр ар кандай иштерди жасап кетиши мүмкүн. Ага жол бербөө үчүн тартипти күчөткүлө. Керек болсо элдик кошуундун мүчөлөрүн тарткыла",- деди С.Өмүрзаков өз сөзүндө.