“Кудайга шүгүр, ымыркайларымдын ден соолугу жакшы. Уулумду Амир, кыздарымды болсо Амира, Амина деп атадык. Дарыгерлер жакшы карап жатышат. Кечээ Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Усубакунова келип, ал-абалыбызды сурап, балдарыма 3 жумшак оюнчук жана памперс тапшырып кетти”,- деп билдирди бүгүн,10-январда үч эмди жарыкка алып келген жаш эне Бактыгүл Молдотаева.
Эске салсак, Жаңы жыл алдында, тагыраак айтканда, 30-декабрда саат 15:00дөр чамасында Бишкек шаардык перинаталдык борборунда 4 эм, 2 кыз, 2 уул төрөлгөн. Тилекке каршы, жакшы өөрчүбөгөндүктөн эркек балдардын бири жатындан чыга электе эле чарчап калган.
2-январда жаш эне менен маек курганыбызда ал "булардан тышкары үйдө 6 жаштагы кызым жана 3,5 жаштагы уулум бар. Жолдошум куруучу болуп иштейт. Келечек жаңы конушунда батирде турабыз. Эми үйгө чыксак, 5 бала менен бир бөлмөдө кыйналам го деп ойлонуп жатам" деген оюн билдирген эле.