Эркин Алымбеков: “Өкмөт “Центерра” кетип калса ачка калабыз, өлөбүз” деп коркутканын токтотушу керек”

Бүгүн, 10-январда “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында  депутат Эркин Алымбеков “Кумтөр” боюнча өкмөттүн позициясын кескин сындады. Айтымында, өкмөт “Центеррага” адвокат болуп, элди коркутууда.

“Өкмөт “Центерра” кетип калса токтоп калабыз, өлөбүз, жок болобуз” деп коркутууда. Жок болбойбуз. Бизде “Кумтөрдөгү” экологиялык 5 миллиард долларлык зыянды “Центерранын” моюнуна илип, анан Комеко компаниясын баш кылып чакырып алып иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар”,- деди депутат.

Депутат Алымбеков өкмөт башчы иштей албаса отставкага кетиши керектигин да айтты.

"Жантөрө Сатыбалдиев прораб болсо, анда премьер-министрликти өткөрүп берип прорабдык иши менен алектенсин",- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан