Бүгүн, 10-январда SUPER.KGге ИИМ Академиясындагы сырттан окуу боюнча факультетинин деканы, подполковник Афтандил Кадыркулов окуу жайда болгон жаңжал тууралуу оюн айтты.
Эскерте кетсек, кечээ, 9-январда аталган окуу жайдын башчысы Жеңиш Жакыпов “Кадыркуловду колдогондор бар” деп шек санаган. Бул боюнча Кадыркулов “мени Зарылбек Рысалиевдин “шохасы” деп күнөөлөп жатат. Мен эч кимдин кол баласы эмесмин. Эгер артымда чоң кишилер болсо, жумуштан кетпейт болчумун. Мен жалгыз болгон үчүн 3 жолу соттолдум”,- деп жооп берди.
Ошондой эле жыйында академиянын башчысы Жеңиш Жакыпов “Кадыркуловдун негизги максаты – бул ИИМ Академиясын башкаруу” деген оюн айткан эле. Анын бул оюна Афтандил Кадыркулов “2013-жылдын март айында ИИМдин министринин орун басары пара алуу шеги менен кармалганда, мен "окуу жайдын башчысы сынак жолу менен тандалсын" деп сунуш кылгам. Анткени бул кызмат ордуна татыктуу талапкерлер бар эле. Мен да өз талапкерлигимди коймокмун. Бул сунуш менен ИИМдин министри Абдылда Суранчиевге, ЖКнын депутаты Чыныбай Турсунбековго кайрылгам. Бирок менин сунушумду кабыл албай коюшкан” деген оюн билдирди.
Андан соң академиянын басма сөз кызматчысы Элмира Мамытбекова “көк баскан каймак майды Кадырбеков атайын сактап койду” деп белгиледи. Бул тууралуу “2013-жылдын 18-октябрынан баштап азык-түлүк сакталган кампага уруксатсыз кирүүгө мага жана башка офицерлерге тыюу салынган. Себеби мен бир нече килограмм маргаринди “изымать” этип ызы-чуу чыгаргам”, - деп Кадыркулов түшүндүрдү.