"Ош – достуктун маданий борбору-2014” жумушчу тобунун кезектеги жыйыны болуп өттү

Кечээ, 9-январда Ош шаарынын мэриясынын имаратында вице-мэр Дастан Ходжаевдин жетекчилиги астында "Ош – достуктун маданий борбору-2014” жумушчу тобунун кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйында илимий-профилактикалык конференция жана шаардыктар арасында спортту жайылтуу боюнча маселелер каралды. “Биз иш-чаралар менен гана чектелбешибиз керек. Иштей турган планды ойлоп табуубуз зарыл. Бардык жумушчу топтун мүчөлөрүнө 17-январга чейин долбоорго сунуш иштеп чыгуу тапшырмасын беремин",- деди Дастан Ходжаев.

Азыркы убакта жумушчу топтун курамын Ош шаардык мэриясынын бөлүм башчылары, Ош шаардык маданият башкармалыгы, Ош шаардык финансы башкармалыгы, Ош шаардык мэриясынын инвестиция тартуу жана эл аралык кызматташтык боюнча комитети, ИИМ, Муниципалдык менчик башкармалыгы, шаардагы жогорку окуу жайлары, дене тарбия  жана спорт комитети жана башкалар түзүшөт.

Ошондой эле аталган жумушчу топко башкармалыктардын, мекемелердин, уюмдардын адистери, Ош шаарында ишмердүүлүк жүргүзгөндөрдүн тартылуусу күтүлүүдө.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан