Азия чемпиондугун кыргыз балбандары канча медаль менен жыйынтыктады?

Биздин балбандар күрөштүн үч түрү боюнча Иорданиянын борбору Амман шаарында өткөн Азия чемпиондугун 6 медаль менен жыйынтыкташты.

Тагыраагы, 25-30-март күндөрү өткөн мелдеште эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 килограмм) менен кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 килограмм) алтын алды. Медет кызы бул жеңиши менен үчүнчү жолу Азия чемпиону аталса, Акматалиев биринчи жолу Азия биринчилигин жеңип отурат.

Ал эми күмүшкө эркин күрөштөн Орозобек Токтомамбетов (74 килограмм) менен грек-рим күрөшүнөн катышкан Раззак Бейшекеев (67 килограмм) кол жеткисти. Ошондой эле коло байгени кыз-келиндер күрөшүнөн Калмира Билимбек кызы (62 килограмм) менен грек- рим күрөшүнөн Ырыскелди Максатбек уулу (77 килограмм) тагынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан