Кыргыз балбаны Раззак Бейшекеев Иорданиянын борбору Амман шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалында жеңилүү ызасын тартты.
Азия чемпиондугуна грек-рим күрөшү боюнча 67 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны финалда учурдагы Азия жана Олимпиада чемпиону, ирандык Саид Исмаили менен кез келди. Жыйынтыгында беттеш 0:3 эсебинде ирандык балбандын пайдасында аяктады.
Белгилей кетсек, Раззак Бейшекеев былтыр Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын финалында дагы дал ушул балбанга жеңилип калган.