КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги 10-январда Кыргызстандагы эмгек рыногу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 2014-жылдын 1-январына карата иштеп жаткан жарандардын саны 2 286 400 болсо, жумушсуздардын саны 210 миң 400 адам болгон. Калктын саны 2013-жылдын 1-ноябрына карата 5 757 500 адамды түзгөн.
Экономикалык активдүү калктын саны 2 496 800 адам болуп, 64,2 пайызды түзгөн. Иштеп жаткандар калктын 58,8 пайызын түзүшөт.