Бишкек шаарынын Райондор аралык соту “АкТел” ЖЧКсын (FONEX) банкрот деп тапты. Бул туурасында Экономика министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган компания карыздарын төлөй албай калган. Алсак, ишкананын “Финанс кредит банкына” 8 миллион сом карызы болгон. Мындан улам банк райондор аралык сотко кайрылган. Сот аталган ЖЧКны банкрот деп тапкан.