Кыргызстанда 1 жумуш ордуна 14 адам туура келет

2014-жылдын 1-январына карата жумушсуздарды ишке орноштуруу кызматына бош орундар боюнча 48 миң кайрылуу түшкөн. Анда жумушчу адистиктерине талаптар көп болгон. Аталган убакытка карата 6 900 жумуш орду толгон эмес. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 1 бош орунга 14 адамдын туура келери белгилүү болгон.  Ал эми облустук ишке орноштуруу кызматына кайрылгандардын саны 160 миңди түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 12 пайызга жогору көрсөткүчтү көргөзгөн. Алардын 91 миңи эмгек кодекси тууралуу маалымат алышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан