Токон Мамытов: “Укук коргоо органдары Ош жана Бишкек шаарындагы шайлоолордон кийин коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна жол беришпейт”

Бүгүн, 10-январдагы маалымат жыйынында КРнын вице-премьер-министри Токон Мамытов “Укук коргоо органдары Ош жана Бишкек шаарындагы шайлоолордон кийин кырдаалдын курчушуна жол беришпейт” деп билдирди. 

Вице-премьер айрым ММКлар тараткан маалымат боюнча УКМК менен ИИМ коңшу өлкөлөрдөгү коллегалары менен биргеликте иш алып барарын айтты. “Мурдагы президенттин үй-бүлө мүчөлөрү Кытайда жүрүшкөнү жана Оштогу мэрди шайлоодон кийин чагымчылдык кылууга даярданып жатышканы тууралуу маалымдалган. Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери кырдаалды курчутпоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын айтышты. Коңшу мамлекет менен биргеликте аталган маалыматты текшерип жатышат”,- деди Токон Мамытов. 

Эске салсак, 15-январда Бишкек жана Ош шаарларында мэрди шайлоо өткөрүлөт. Маалымат булактарында 2010-жылы кызматтан кеткен президенттин иниси Жаныш Бакиев баш аламандыктарды каржылоо үчүн Үрүмчүгө келгени айтылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан