“Ата Мекен” фракциясынын 10-январдагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев “Кумтөр” боюнча бир топ мыйзамдарды кабыл алуу керектигин айтты. Ал билдиргендей, “Центерра” жоопкерчиликтен оңой кутулуп кетпеши зарыл.
“Центерра” компьютерин өчүрүп кетип калса, алтын кенинде суу толуп аны тазалай албай калабыз” деп коркпошубуз керек. Тийиштүү мыйзамдарды кабыл алып, канадалыктар баарын өчүрүп өлкөдөн чыгып кетпегидей болушу керек. Мыйзамга каршы иштесе оор жаза күтөрүн аларга алдын ала эскертилиши зарыл. Бул өлкөнүн коопсуздугу үчүн маанилүү. Ошондо алар “баарын өчүрүп кетип калабыз” деп бизди коркута албайт”,- деди депутат.
Өмүрбек Текебаев мөңгүлөрдүн жылдан-жылга азайып жатканын да айтты.
“Өкмөткө мөңгүлөрдүн канчалык азайып жатканын текшерели десек, “азыр кар жаап салды, жазында кар кеткенде текшерели” дешет. Бул олуттуу жооп эмес. Мөңгүлөр боюнча да доо арыз даярдашыбыз керек”,- дейт Текебаев.