2013-жылдын декабрь айында өзбекстандык эмигрант Сафар Бекжон башында турган укук коргоочулар тобу Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримованын Швейцариядагы вилласын (шаар четиндеги үй) барымтага алышкан. Аянты 2500 чарчы метрди түзгөн хан сарайдын ичиндеги буюмдар жарыяланды. Укук коргоочулар бул аракетти элдин акчасына курулган үйгө коомчулуктун көңүлүн буруу деп түшүндүрүштү. Вилладан өзбек искусствосунда шедевр деп эсептелген 60 картина табылганы белгилүү болду. Г.Каримованын хан сарайы жана анда эмнелер бар экени төмөнкү сүрөттөрдө.